Майнинг-ферма айына 13-14 млн. сомдук электр-энергиясын пайдаланган

743

Бишкекте бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 миллион сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашкандай мындай учур өлкөдө биринчи жолу катталып жатат.

Маалыматка караганда, Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес. Аталган мекемени тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү-түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 миллион сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот.

Факт «Салык төлөөдөн качуу», «Кылмыштуу кирешени адалдоо» беренелеринин негизинде кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Ошондой эле, бул кылмыштуу ишти жаап-жашырууга көмөктөшкөн мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөндөрү да такталып жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.