Майыптар үчүн турак-жай калыс бөлүштүрүлдүбү? (видео)

984

Ош шаардык мэриясы майыптар үчүн курулган турак-жайларды калыс эмес, мыйзамсыз жолдор менен бөлүштүрүлгөнбү? 66 батирлүү көп кабаттуу үйдүн жарымы Ош шаарында жашабаган жарандарга бөлүнгөнү аныкталды. Мындан тышкары, квартира алган 8 адамдын документтери жасалма болуп чыккан.

Ошондой эле, жаңы турак-жайга кезексиз ээ болгондор дагы бар, деп нааразы болгондор арбын. Буга ишке байланыштуу Ош областтык прокуратурасы бир нече берене боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. Азыркы мезгилде Ош шаарында турак-жайга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген 708 адам катталган.