Майыптарды эч бир мекеме жумушка албай жатат (видео)

977

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 28 миңден ашуун жаран жумуш издейт. Бүгүнкү күнү алардын 200гө жакыны гана иш менен камсыз болгон. Себеби жумуш берүүчүлөрдүн талабы чоң болгондуктан, майыптарды ишке алууга кызыкдар эмес. Мыйзам боюнча, кызматкерлердин саны 20 адамдан ашкан баардык мекеме  жумуш ордунун 5 пайыздан аз эмес бөлүгүн майыптарга берүүгө милдеттүү. Бирок баардык эле ишкана бул талаптарды аткара бербейт. Бүгүн Бишкектеги иш менен камсыз кылуу башкармалыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бош орундардын жарманкесин уюштурду. Ага миңге жакын адам келди. Бирок баары эле жумуш таба алган жок.