Майыптарды кыйнаган ыңгайсыз автобустар (видео)

612

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттары каралбаган автобустарды сатып алган Бишкек мэриясынын бир катар кызматкерлери жазага тартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү Башкы прокуратурага кайрылып, мындайга жол берген борбор калаанын бийлигине карата баа берүү өтүнүчүн келтирген.

Текшерүүнүн алкагында жакында эле каттамга чыккан 60 автобус мыйзам бузуу менен сатылып алынганы белгилүү болгон. Бишкек шаардык мэриясы жаңы автобустарды сатып алууда эмне үчүн майып адамдардын абалын эске алган эмес?