Майыптардын көйгөйүнө неге көңүл бурулбайт? (видео)

1004

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер — майыптардын укугу тууралуу Конвенциянын ратификацияланышын талап кылышты. Алар бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин жөө жүрүш уюштурушту. Муну менен өз көйгөйлөрүн коомчулукка жана аткаминерлерге жеткиргилери келген. Бирок өкмөттөн алгылыктуу жооп болгон жок. Конвенцияда камтылган 52 беренени ишке ашырууга 30 миллиард сом керектелет экен. Аткаминээрлердин айтымында, буга кеминде 10 жыл убакыт кетет.