Майыптарга боорукер жарандар турак-жай куруп беришти (видео)

842

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер кайрымдуулукка муктаж. Жалал-Абад областынын Сузак районунда бир үйдө 4 майып адам болгон бүлөгө боорукер жарандар турак-жай куруп беришти. Анын каражатын чет жакта жүргөн мекендештер чогултуп беришсе, айылдашы жер тилкесин берген. Алар ага чейин бирөөнүн үйүн ижарага алып жашап келишкен. Ал да жарака кетип, кулап калуу коркунучунда турган. Эми жаңы үйдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бардык шарттар каралган.