Майыптын жерин тартып алган шылуундар (видео)

767

12 жыл бою чындык издеген майып апа. 65 жаштагы Надежда Жиленко Чүй областынын Аламүдүн районундагы аскер бөлүгүндө анча алыс эмес жердеги жер тилкесин тарттырып жиберген. Айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тилкени башкаларга сатып жиберген. Бул боюнча бир нече жылдап соттошуп утуп алганына карабастан чечим аткарылбай жатыптыр. Надежда Жиленконун айтымында, кокус анын көзү өтүп кетсе, учурда баш паанек кылып келген квартираны өткөрүп берүүгө туура келет. Анда анын 2 баласы, неберелери көчөдө калат, дейт ал. Бардык тийешелүү органдарга кайрылып, чындык таппаган кары аял эми президентке кайрылып жатат.