«Макмал» алтын кенин иштетүүнү кытайлык компания колго алмай болду

957

Тогуз-Торо районундагы «Макмал» алтын кенин иштетүүнү кытайлык компания колго алмай болду. «Макмал алтын комбинатынын» базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында «Мансон Групп» компаниясы жеңүүчү деп табылды.

Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынан кабарлашты. Конкурска 3 компаниядан арыз түшүп, алардын баары 30% Кыргызалтынга, 70% инвесторго таандык болгон биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан. «Мансон Групп» долбоорго 75 миллион доллар салып, 1315 адамды жумуш менен камсыздоону, жыл сайын Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусуна 10 миллион сомдон которууну жана экологияга зыянын тийгизбеген технологияны колдонууну убадалаган.

Андан тышкары аймакка дүкөн, кафе, эки кабаттуу мейманкана, туристтик комплекс, кыш чыгаруучу, жезди кайра иштетүүчү заводдор курулат деп сөз берген. Ал эми конкурска катышкан экинчи компания «Шынкыйюан Фрунзе» долбоорго 34 миллион доллар салып, 800 адамды жумуш менен камсыздоону, аймакты өнүктүрүү үчүн күнөскана, канаттуулар фабрикасын, бышкан кыш чыгаруучу заводдорду курууну убадалаптыр. Үчүнчү катышуучу «Борбор Азиялык металлком» ишканасы болсо 69 миллион доллар инвестиция салып, миң кишиге жумуш берүүнү жана бир катар фабрика-заводдорду курууну сунуштаган.

Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы менен кытайлык «Мансон Групп» жеңүүчү деп табылган. Эми «Кыргызалтын» 30 күндүн ичинде бул компания менен инвестициялык келишимге кол коет.

Эскерте кетсек, каражаттын тартыштыгынан «Макмал» кенинде алтын казуу ушул жылдын сентябрь айында токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.