Макрон өкмөттү демонстранттар менен сүйлөшүүгө чакырды

992

Франция президенти Эммануэль Макрон өлкө өкмөтүн демонстранттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө чакырды. Париждеги кырдаалга байланыштуу өлкө жетекчилиги чукук жыйын өткөргөн. Франциялык France 24 телеканалы билдиргендей, ага премьер-министр Эдуар Филипп менен ички иштер министри Кристоф Кастанер да катышкан.

Елисей сарайынын билдирүүсүндө “сары кемселчендер” өткөргөн башаламандыктарга байланыштуу француз өкмөтү демонстранттардын өкүлдөрү менен жолугушу керектиги айтылат.

Сүйлөшүүлөр 3-декабрда башталары күтүлүүдө.

Буга чейин Париж полициясы күйүүчү майга салыктын көбөйүшүнө каршы чыккан демонстранттардын 412си кармалганын билдирген. 1-декабрдагы нааразылыктар учурунда 133 киши жаракат алган, анын 23ү полиция кызматкери.

Париждин борборундагы башаламандык учурунда жүздөгөн киши камакта кармалып турду. Демонстранттар шаардын көчөлөрүнө тосмо орнотуп, от жандырып, айрым мүлктөргө зыян келтиришти. Тартип сакчылары аларга каршы союл, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу чачты.

Буга чейин Франция бийлиги өлкөдө чукул кырдаал киргизиши ыктымал экени да айтылган.

Француз бийлиги 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алган. Париж муну абанын булганышына каршы чара катары түшүндүрүүдө. Өздөрүн «Сары кемселчендер» атаган демонстранттар бийликтин бул кадамына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөн айда башташкан. Буга чейин да ондогон адам камалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.