Максим Бакиевдин коттедждери текейден арзан сатылып кетеби? (видео)

1080

Максим Бакиевдин улутташтырылган мүлкү 100 миллион сомго арзандап кеттиби? Ала-Арча резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан 48 вип-коттедж мындан 2 жыл мурда 242 миллион сомго бааланган. Жакында аны сатуу үчүн аукцион өткөрүлүп, атамекендик ишкерлерге 142 миллион сомго сатылып кетти. Мүлктөрдүн эки жылдын ичинде мынчалык арзандаганы экономисттерди таң калтырды. Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги муну кароосуз турган имараттар жаан-чачындуу аба ырайында сапатын жоготту деп түшүндүрүүдө.