Максим Бакиевдин коттедждерин ким сатып алды? (видео)

808

Максим Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрү боюнча чыр кайрадан ырбады. Эми Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан 48 коттедждин сатылышынын мыйзамдуулугун Башкы прокуратура иликтемей болду. Премьер-министр Сапар Исаков башкы көзөмөл органына бул фактыны кылдат иликтөө боюнча кат жолдогон. Анын мындай кадамга баруусуна көз карандысыз журналисттин иликтөөсүндө айтылган маалыматтар себеп болгон. Репортажда Бакиевдин мүлкүн сатып алган кардардын артында Темир Рыскулов тураары, ал жогорку кызматта отургандардын жакыны экени айтылат. Бирок Мамлекеттик мүлк фонду бул маалыматтарды төгүнгө чыгарууда.