Максим Бакиевдин КР экстрадицияланышына ким бут тоскон? (видео)

783

Бакиевдердин үй-бүлөсү чыгарып кеткен акчаларды кайтарууга көңүл кош мамиле кылган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керек. Бул тууралуу президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев билдирди. Мурдагы аткаминердин айтымында, убагында Англиянын бийлигине кыргыз өкмөтүнөн Максим Бакиевди жактаган сымал кат барганы тууралуу маалымат тараган. Азыр ошол кагазда жазылгандарды териштире турган мезгил келди, дейт Каптагаев.

Бакиевдин бийлиги учурунда уурдалган акчаларды кайтаруу боюнча АКШ менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлгөнү башка дагы активдерди өлкөгө алып келүүгө үмүт пайда кылды. Убагында Максим Бакиевдин жакын адамы болгон Евгений Гуревичтин эле маалыматы боюнча, өлкөдөн 300 миллион доллар чыгарылып кеткен.