Максим Бакиевдин өрттөнгөн үйүндө азыр кимдер жашап жатат? (видео)

1655

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү кары-картаңдар жашай турган социалдык стационардык мекемеге айланат. Бул боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте министрлер кабинетинин буйругунун долбоорун иштеп чыккан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, соттун чечими менен конфискацияланган Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн мамлекетке каттоого алуу иштерин бүткөрүү керек. Кечээ дал ушул максатта Кой-Ташка барган тиешелүү кызматтын адистери мурдагы президенттин адвокаттары менен жолугуп, тараптар бир пикирге келе алышкан жок.