Максим Бакиевдин жан-жөөкөрлөрү өкмөттө топтолобу? (видео)

974

Өкмөттүн болжолдуу курамы белгилүү болду. Өкмөттүн болжолдуу курамы белгилүү болду. Бирок сунушталып жаткан жаңы министрлер кабинетине ичи чыкпагандар арбын. Тактап айтканда, премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткан Сапар Исаковдун аткаруу бийлигинде тажрыйбасынын аздыгы сынга кабылууда. Ошондой эле, бир катар депутаттар менен эксперттер шайлоонун алдында өкмөттүн курамынын өзгөртүлүп жатканын айрым бир тараптын административдик ресурсту колдонууга даярдануу аракети катары баалашууда. Алдыдагы саясий өнөктүктү таза жана калыс өткөрүү үчүн президенттикке талапкер көрсөткөн партияларга тиешеси жок ортодогу адам өкмөт башчылыкка келиши керек, дешет талдоочулар. Аткаруу бийлигинин курамын эки айлык мөөнөткө алмаштыруунун кажети барбы эле? Мындай аракеттин артында кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн?