Мал арзандаса да, эт кымбат (видео)

1494

Мал базарларда бодонун баасы 5 миң сомго чейин арзандоодо, бирок ага карабастан эттин наркы өзгөрбөй жатат. Алып сатарлар муну тоюттун кымбаттыгы менен түшүндүрүүдө. Себеби базарларга семиртилген жандыктардын этин гана алып чыгабыз дешет.

Ал эми малды байлап сатуу үчүн чөптөн тышкыра арпа-буудай да зарыл. Дан азыктарынын баасы 28 сомго чейин болууда. Андыктан анын баасы көтөрүлгөн сайын эт да кошо кымбатташы мүмкүн, — дешет фермерлер. Эттин наркынын көтөрүлүшүнө дагы кандай факторлор таасирин тийгизет?