Малдын аткезчилиги токтойбу? (видео)

1589

Эттин баасы кескин кымбаттаса, эми анын тартыштыгы байкала баштады. Айрым базарлардагы сатуучулар ишке чыгышкан жок. Себебин ортомчулар сойгонго мал жок болуп жатканы менен түшүндүрүшкөн. Ушундан улам, алып сатарлар уй этинин дүң баасына 10 сом кошушту. Муну менен тирүү малды экспорттоого тыюу салынганына эки жумадан ашканына карабай базарларда эттин наркы өзгөргөн жок.

Айыл чарба тармагынын адистери мал базарларда майда жана бодо жандыктар дагы деле кымбат болуп жатканын айтышууда. Өзбекстандык жана тажикстандык алармандар аткезчилик жол менен чыгарып кетип жатканы кабарланууда.