Мамэкотехинспекцияда каржылык мыйзам бузуулар аныкталды (видео)

751

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында бир катар каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Аларды таап чыккан мекемелер аралык комиссия тиешелүү жактарга Экотехинспекциядагы жооптуу адамдарга чара көрүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, аталган мекеменин мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өзү иштеген органдагы коррупциялык иштер тууралуу президентке ачык кайрылгандан кийин, атайын жумушчу комиссия түзүлгөн эле. Мыйзам бузууларды изилдеген комиссиянын жыйынтыгы 2 күн мурда чыкты.