Мамипотекалык насыянын үстөк пайызы төмөндөй элек (видео)

940

Бюджеттик эмес ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик ипотекалык насыянын үстөк пайызы азырынча төмөндөбөйт. Жеке менчик мекемелерде эмгектенгендер 12 пайыздан гана ала алышат. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси билдирди. Ошондой эле жеке ишкананын кызматкерлери арзан кредитке Бишкек менен Ош шаарларынан турак жай ала алышпайт. Мындай шартты каражат бөлүп берип жаткан Германия өнүктүрүү банкы койгон. Эл аралык финансылык уюм 11 миллион еврону берүүгө даяр. Эгер мамлекеттик ипотеканы колдоого башка дагы инвесторлор табылса, бюджеттик эмес мекемеде иштегендер үчүн кредиттин үстөк пайызы төмөндөшү мүмкүн.