Мамкатоонун төрагасы жана “Унаа” ишканасынын жетекчиси кызматтан алынды

3998

Өкмөттө кадрдык алмашуулар уланып, үзгүлтүксүз отставкалар болууда. Бүгүн дагы 2 жетекчи иштен алынды. Алар Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов менен “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев.

Азырынча Алмаз Мамбетов эмне себептен жумушунан бошотулганы белгисиз. 2 ай мурда экс-аткаминер «578 АСД» жасалма номерин машинасына тагып алып, айдап жүрүшү мүмкүн деген маалыматты айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Бирок мекеменин жетекчиси бул маалыматты четке каккан эле. Ага чейин Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын жетекчиси болуп иштеп турганда экс-мэр Сатыбек Шамшудиновду сөгүп, коомчулукка таанылган эле.

Ал эми “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан алууну 2 жума мурда Коопсуздук кеңеши сунуштаган. Анда мекемедеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганы негиз катары айтылган.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине акыркы 2 жылдын ичинде 100дөй кылмыш иштери козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылган. Ал эми Алымжан Козубаев ал боюнча өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.