Мамкаттоо — коррупциялашкан мекемелердин сап башында (видео)

736

Коррупциялашкан мекемелердин сап башында Бажы кызматы жана саламаттыкты сактоо министрлиги турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди. Анын айтымында, бул статистикалык комитеттин өткөн жыл боюнча маалыматы. Эске салсак, парламенттеги оппозициялык фракциянын жыйынында коррупцияга каршы мамлекеттин планы талкууланып, анда тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү маалымат беришти. Ошондой эле, бир катар эксперттер коррупция менен күрөшүү боюнча өз пикирлери менен бөлүшүштү.