Мамкаттоо кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

1490

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кармалган кызматкер Чүй областынын Аламүдүн райондук мамкаттоо кызматынын башкы адиси.

Ал мекемеде туруктуу коррупциялык схема уюштуруп, анда кызыктар тарап менен сүйлөшүп алып, ЕАЭБке кирбеген өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып кирген унааларды мыйзамдаштырган деп шектелүүдө. Анын аракетинен өлкө бюджетине ири суммада зыян келтирилген.

Учурда кылмышка шектүүгө карата «контрабанда», «кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» жана «мамлекеттик мөөр, документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, кечээ жакында эле өлкөгө мыйзамсыз алып келинген эки унаа кармалып, андан мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган болчу.