Мамкаттоо кызматы: Чет өлкөгө чыгып жаткандарга айдоочулук күбөлүктөр берилет

1202

Бул тууралуу маалымат жыйынында өткөн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кабарлады. Мамлекеттик каттоо кызматында айдоочулук күбөлүктөр бар, бирок алардын саны канча экени так белгилүү эмес. Бул тууралуу аталган кызматтын өкүлдөрү маалымат жыйынынын алкагында билдиришти.

Айтымдарында учурда Мамкаттоо кызматы убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү жана техникалык паспортторду берүүдө. Бирок чет мамлекеттерге чыгып жаткандарга кадимки документтер берилет дешет алар.

Эске алсак, айдоочулук күбөлүктөргө бланктарды сатып алуу боюнча тендер 2 күн мурда белгисиз себептерден токтотулган. Көп өтпөй тиешелүү талаптарга өзгөртүүлөр киргизилгени айтылган. Ошондой эле адистер жаңы түзүлгөн унаа ишканасы тууралуу да айтып беришти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.