Мамкаттоо кызматы коммерциялык мекемеге айланабы? (видео)

1091

Мамлекеттик каттоо кызматы реформаланат. Башкача айтканда, мекеменин алкагында мамлекеттик корпорация түзүү пландалып жатыптыр. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, ал коомдук талкууга чыгарылган. Эми бул мекеме коммерциялык кызматтарды дагы көрсөтө баштайт экен. Аны менен бирге, кызматкерлердин санын кыскартуу менен бюджет каражатын үнөмдөп калса болот, дешет аткаминерлер. Ошол эле убакта мындай өзгөрүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасынын кымбаттоосуна алып келиши ыктымал деп кооптонгондор жок эмес.