Мамкаттоонун катасы үчүн жарандар төлөш керекпи? (видео)

757

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү оңдоо үчүн чогултулуп жаткан акча кимдердин чөнтөгүнө түшүүдө? Дал ушундай суроо бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрүлдү. Убагында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 40 миңге жакын ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ордуна нике тууралуу документ берилип кеткен. Бул мүчүлүштүк мекеменин эсебинен жоюлмак. Бирок кайра эле ата-энелерден акча чогултулуп жатыптыр. Ошондой эле, парламенттин отурумунда быйылкы жазга эрте даярдык көрүп, ар кандай жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу зарылдыгы белгиленди. Депутаттар аткаминерлерге былтыркы кетирилген каталарды кайталабоону эскертишти.