Ката кеткен Төраганын катына ким жооп берет? (видео)

1467

Мамлекеттик кызматкерлердин сабаттуулугун кайрадан текшерип чыгуу керек. Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаттары коюшууда. Эл өкүлдөрү кыргыз тилин жарытылуу билбеген, билими начар кызматкерлер иштен алынышы керек деп жатышат. Буга акыркы бир жуманын ичинде ката менен жазылган 2 расмий документтин интернетке жарыяланып кетиши себеп болду.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун колу коюлган расмий документте 8 ката табылган. Кечээ жакында эле катага толгон дагы бир кат ачыкка чыгып, ал юстиция министринин орун басары Максатбек Эсеналиевге таандык экени аныкталды. Ал жетекчилер мунун баары алардын кол алдында иштегендер жасаганын айтышууда.