Мамлекет башчы Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жасады

852

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Айтматовдун туулган күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда айтылат. 12-декабрда бүткүл прогрессивдуу адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт.

Ал аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны. Ал ааламдык ойчул экендигин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты.

Жазуучунун чыгармалары ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм, деп айтылат президенттин кайрылуусунда.