Мамлекет башчы авиакырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

819

71 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын жетекчиси Владимир Путинге көңүл айтты.

“Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандактары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну өтүнөм”, деп айтылат телеграммада.