Мамлекет башчы Бишкекте өткөн Жаштар конгрессине катышты

1385

Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Жаштар конгрессинде жаштарды ар тараптуу колдоп, алар баштаган иштерге көмөк көрсөтүү зарыл экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы, өзгөчө билим берүү, социалдык коргоо, майда жана орто бизнес тармактарында жүргөн активдүү жаштарга кайрылып, кандай гана дымактуу инновациялык долбоорлор болбосун коомго алып чыгып, ишке ашыруунун бардык аракетин көрүү керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, 10-ноябрь Эл аралык жаштар күнүн утурлай уюштурулган иш-чара эртең да уланат. Ага өлкөнүн ар аймагынан жигердүү жаштар катышууда. Буга чейин «Жаштар жумалыгы» деп аталган өнөктүк өтүп, анын алкагында спорт, илим, билим берүү, экология, инновациялар, маданият жана искусствого арналган иш-чаралар уюштурулган. Жаштар конгресси болсо, бул иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү болмокчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.