Мамлекет башчы эсептөө палатасынын төрагасын кабыл алды

775

Мамлекеттик аудит системасында коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу боюнча жумушту күчөтүү зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алып жатып билдирди. Ачыктык жана коррупцияга каршы иш-аракет аталган палатанын ишиндеги артыкчылыктуу багыт болушу керек, дейт мамлекет башчысы.

Ошондой эле, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарга өтүүсүн тездетүү, аудитордук ишмердикте көзөмөл жана мониторингди күчөтүү зарылчыгылы белгиленди. Себеби текшерүү учурунда ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча мыйзам бузуулар жана резервдер аныкталса да, бюджетке салыштырмалуу аз акча келип түшүүдө, дейт  Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде эсептөө палатасынын төрагасы республикалык бюджеттин каражаттарын колдонууну көзөмөлдөө боюнча аткарылып жаткан жумуштар жана мекеменин мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берди.