Мамлекет башчы өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

790

Президентке алдыдагы аба ырайынын суук болушуна байланыштуу мүмкүн болчу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашыруу, жазында  мүмкүн боло турган суу ташкындарына, селге, жер көчкүлөргө карата даярдык  көрүү боюнча маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков ашууларда, алыскы тоолуу аймактарда жана өлкөнүн негизги жолдорундагы абал аба ырайынын шартына жана кар жааганына карабастан ар дайым Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле кар эригенче чоң дарыялардын тосмолорун бекитип, аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн улам калктуу пункттардын коопсуздугун камсыздоо жумуштарын башташ керек деп баса белгиледи.

Кубатбек Боронов президентке белгилеген багыттардын бардыгы боюнча ӨКМ тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, аймактардагы мамлекеттик администрация органдары менен биргелешип жумуш жүргүзүп жатканын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда алдыдагы боло турган суукка байланыштуу чукул эскертүү таратылган. “Россия жана Казакстан тараптан келе жаткан циклон бизге жетти. Бүгүндөн тартып суук боло баштайт. Суук дагы бир жума, же андан бир аз ашуун убакыт кармалат. Жарандык коргоонун бардык кызматтарына алдын ала айтылып, даярдык көрүлгөн. Кокус инфраструктура объектилери авария болуп, иштен чыкса, авариялык кызматтар так жана биргелешип иштеп, бардык кесепеттерин жоюшу керек”, — деп белгиледи министр.

Ал кошумчалагандай, сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн. “Мүмкүн болчу кесепеттерге даяр туруш үчүн бардык кызматтарга тиешелүү маалымат жеткирилген”, — деп белгиледи Кубатбек Боронов.