Мамлекет башчысы Александр Масляковго «Достук» орденин тапшырды

764

Президент Сооронбай Жээнбеков КВН Эл аралык союзунун президенти Александр Масляковго «Достук» орденин тапшырды. Александр Масляков ыраазычылык билдирип, бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн башка жаштары менен биргеликте КВН оюнуна өзүн арнаган Кыргызстандын жаштары үчүн дагы берилгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы КВНдин жайкы кубогун Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү сунушун билдирип, Александр Масляковду Кыргызстанга чакырды.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 21-ноябрында кол койгон жарлыкка ылайык, КВН Эл аралык союзунун президенти, КВН телеберүүсүнүн жетекчиси жана алып баруучусу Александр Масляков Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл  ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» ордени менен сыйланган.