Мамлекетке чыккынчылык кылган саясатчылар (видео)

2593

Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелүүдө. Азырынча ал кайсы өлкөгө кандай жашыруун сырды бергени белгисиз. Аны менен кошо кармалган экинчи жаран Кыргызстандагы казак диаспорасына байланышы бар адам экени айтыла баштады. УКМК кылмыш ишиндеги жашыруун сырдын даражасын эске алуу менен бул факт тууралуу тергөө аяктагандан кийин коомчулукка кенеңирээк маалымат берилерин билдирди.

Кыргызстанда буга чейин дагы мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. 7 жыл мурда ушундай айып менен өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеп турган Алтынбек Муралиев кармалып, соттолгон. Кайсы өлкөлөр Кыргызстандагы жашыруун маалыматтарга кызыгууда?