Мамлекеттик аппарат 10 %га кыскарат (видео)

890

Министрлер кабинетинин структурасы 10 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Өкмөттө мамлекеттик мекемелерди ирилештирүү боюнча комиссия түзүлдү. Кыскартууга бири бирин кайталаган органдар илинет. Ошондой эле, министрликтер кызмат же комитет болуп өзгөрүшү мүмкүн. Эксперттердин көбү оптималдаштыруу демилгесин колдойт. Бирок терең анализдин жыйынтыгы менен гана жүргүзүлбөсө, кыскартуунун пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн. Учурда Кыргызстанда төрт вице-премьер-министр, 13 министрлик, 4 комитет, 6 агенттик, 10 кызмат, 4 фонд жана эки инспекция бар. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө аткаминерлердин армиясы 18 миңге жетет. Ага кошумча, 10 миңге жакын кызматкер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштейт. Башкача айтканда, 215 жаранга бирден аткаминер туура келет экен.