Мамлекеттик аш-тойлор кимдин чөнтөгүн кампайтат? (видео)

1369

2018-жылга пландалган мамлекеттик деңгээлдеги 105 майрамдык иш-чаранын саны кыскартылбайт. Бул тууралуу өкмөт мүчөлөрү билдирди. Эске салсак, депутат Акылбек Жамангулов өкмөт тарабынан уюштурулган салтанаттарды өткөрүүгө 5 жылга мораторий жарыялоо керектигин айтып чыккан. Анын бул сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Депутаттын демилгесин көпчүлүк колдоп жатат.

Ири иш-чараларды өткөрүү концерт жана боз үй тигип, жылкы союп, эт тартуу менен гана чектелип жатканы айтылууда. Анын ордуна белгилүү инсанды эскерүү иш-чараларын окуучулар үчүн китептерди чыгарып, фильм тартып, илимий конференция уюштуруу менен өткөрүү туура болмок деген пикирлер арбын.