Мамлекеттик бажы кызматынын экс-төрагасына издөө жарыяланды

702

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы экс-жетекчини кармоо аракетин он күн мурда эле баштаган. Бирок маалымат эми гана коомчулукка жарыяланууда.

Адамкул Жунусов бажы тармагын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал 2013-2016-жылдары мекемени башкарып турганда кээ бир ишкерлер менен коррупциялык байланыш түзүп, жеке ишканага бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктер берилген. Мунун натыйжасында, милдеттүү бажы төлөмдөрүнүн өлкө казынасына түшпөй калганынан улам, мамлекетке 166 миллион сомдук зыян келтирилген.

Финполиция Адамкул Жунусов жашырынып жүргөнүн билдирип, тергөөнүн калыс өтүшүнө тоскооолдук кылып жатканын айтууда. Мурдагы жетекчиге тагылып жаткан айып өзгөчө оор кылмыштар категориясына кирет. Азырынча Жунусов кайсы жерде экени белгисиз.

28-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Адамкул Жунусовду камакка алуу боюнча чечим чыгарган.