Мамлекеттик чек ара негизделгенине туура 19 жыл (видео)

877

28-майда Мамлекеттик чек ара негизделгенине туура 19 жыл болот. Ал эми СССРдин чек арасына — 100 жыл. Бул датага утурлай Бишкек шаарындагы «Чек ара даңкынын гүлбагында» салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Бишкектин мектептери менен лицейлеринин окуучулары катышты. Улан-кыздар Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн формаларын кийип, «Саптык даярдыктарын» жана «Жоокер ырларын» аткарышты. Салтанаттын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын аскерлери жана Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын багыттагы топтору дагы күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүштү. Уюштуруучулар билдиргендей, мындай иш-чаралар өлкөнүн жер-жерлеринде өткөрүлдү.