Мамлекеттик циркте 8 жыл ичинде 2 кылмыш иши козголгон

1428

Парламенттин тармактык комитети маданий жайындагы азыркы абалды талкуулады. Депутаттардын айтымында, циркте бөлмөлөрдү ижарага берүүдө жана билет сатууда коррупциялык схемалар бар. Муну учурда, УКМК менен финансы полициясы текшерүүдө.

Ал эми эсептөө палатасы өткөн жыл боюнча аудит жүргүзүп, кызматкерлерге маяна төлөөдө мыйзам бузууларды тапкан.

Ошондой эле, эл өкүлдөрү азыр циркте 3 аттан башка эчтеке калбай калганын айтышты. Маданий жайынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.