Мамлекеттик цирктин эмгек жамаатында кайрадан жаңжал (видео)

629

Мамлекеттик циркте иштегендер маданият министрлигине кайрылуу жолдошту. Анда, 14 жылдан бери циркти жетектеп келе жаткан Курмангазы Исанаев көптөгөн мыйзам бузууларга жол берип жатканы айтылган. Алар мамлекеттик цирктеги коррупциялык иштер боюнча Жогорку Кеңешке дагы арызданышкан.

Соңку жылдары Курмангазы Исанаевдин үстүнөн 60 арыз түшүп, 2 жолу кылмыш иши козголуптур. Мындан улам, депутаттар мамлекеттик цирк боюнча атайын комиссия түзүү зарыл дешет. Учурда бул маданият мекемеси боюнча башкы прокуратура, эсептөө палатасы жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүү жүргүзө баштады.