Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду (видео)

1343

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши каражаттын жоктугунан улам токтоп калдыбы? Жакында эле бул каржы мекемеси «Арзан турак-жай» программасынын алкагында насыя берүүнү убактылуу токтоткону белгилүү болгон. Буга быйылкы жылга бөлүнгөн акчанын толугу менен сарпталып бүткөнү себеп болду, дешет мекеме өкүлдөрү. Бирок аткаминерлер жакын арада кайрадан акча пайда болот деп ишендиришүүдө. Ал арада Германиянын өнүктүрүү банкынан келе турган 11 миллион евронун тагдыры депутаттарды кызыктырууда. Бул каражат аймактардагы мугалим, дарыгер жана башка мамлекеттик кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылууга жумшалмак. Акча быйыл март айына чейин эле Кыргызстадын эсебине келип түшүшү керек болчу. Бирок эмнегедир ал каражаттын келиши кечендеп жатат.