Мамлекеттик ипотеканын пайызы төмөндөшү мүмкүн (видео)

988

Убада берилген, бирок аткарылган жок! Өкмөт үйүнүн алдына 50гө жакын мугалим менен ак халатчан кезектеги нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын көпчүлүгү ипотеканын пайызын арзандатууну талап кылса, кээ бири көп жылдан бери турак жай алуу үчүн насыя ала албай жаткандыгын айтып нааразы.

Бир тобунун алган маяналары ипотеканын үстөк пайызын өлөөгө жетпей жатса, бала-чакасы менен батирден-батирге көчүп жүргөндөрү да арбын.