Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

1857

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча тийиштүү буйрукка кол койду.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мааракени белгилөө үчүн уюштуруу комитети түзүлмөкчү. Ошондой эле аны улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаранын планы бекитилет.

Буга чейин эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков быйыл Усубалиевдин 100 жылдыгы экенин жана ага өкмөт көңүл бурушу зарылдыгын белгилеген болчу. Андан сырткары, Бишкек шаарындагы Киев жана Нарын шаарындагы Ленин көчөлөрүнө анын атын берүүнү сунуштаган.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон. 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.