Мамлекеттик кайсы мүлктөр сатылат? (видео)

2336

Менчиктештирүү программасына стратегиялык жана социалдык обьекттер киргизилген эмес. Бирок ошол эле маалда алардын ичиндеги кызмат көрсөтүү функцияларын менчиктештирүү каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Тиешелүү программа боюнча «жол картасы» түзүлүп, жеке колдорго сатыла турган мүлктөрдүн тизмесин атайын комиссия аныктап чыгат экен. Мындан тышкары, менчиктештирүү процесси Жогорку Кеңештин атайын токтому менен ишке ашары белгиленди.