Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тапшырды

873

Республика боюнча шайлоочулардын саны 3 миллион 25 миң 768ди түздү. Анын 2 миллион 908 миң 453ү өлкө аймагында добуш берет, ал эми 18 миң 580 жаран чет мамлекеттерде шайлайт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында түзүлгөн кошумча участоктордо 98 миң 735 жаран добуш берет. Ал эми жалпы борбор калаада 327 миң 985 адам, Ош шаарында 159 миң 348 киши шайлоого катышат. Баткен областында 243 миң 722, Таласта 130 миң 195, Нарында 161 миң 894, Чүйдө 491 миң 34, Ысык-Көлдө 259 миң 118, Жалал-Абадда 545 миң 745, Ош областында 589 миң 412 жаран добуш берет.

Бул шайлоодо 316 миң адам форма 2 боюнча арыз жазышкан. Тагыраагы, ушунча адам каттоодо турган эмес, башка жерде шайлоого катышат.