Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 кызматкери 2 айга тергөө абагына киргизилди

759

Паспорт боюнча тендер чырына байланыштуу кармалган мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул жетекчилер биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде «өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен» деген шек менен 2 күн мурда кармалышкан болчу.

Башкы прокуратура өкүлдөрү бул тендерден мамлекетке 253 миллион сом финансылык зыян келтирилгенин айтышкан. Ал арада мамлекеттик каттоо кызматы билдирүү таратып, анда биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча тендер өткөн жок деп табылганы белгиленген.

Ошондой эле, тендерде утуп чыкты делген литвалык ишканага мамлекеттик бюджеттен эч кандай акы төлөнбөгөнү, аны менен келишим түзүлбөгөнү да кошумчаланган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.