Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

583

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн транспортту каттоо департаментинин бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган департаменттин кызматкерлери ЕАЭБдин аймагынан сырт өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келген кымбат баадагы автоунааларды каттоодо мыйзам бузууга жол беришкен. Тактап айтканда, “Лексус”, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү транспорттордон бажы төлөмдөрү керектүү өлчөмдө алынган эмес. Анын натыйжасында, мамлекетке 4 миллион сомдой каражат түшпөй калган.

Мунун негизинде тиешелүү кызматкерлерге карата кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «жалган документтерди даярдоо» беренелери боюнча айып тагылган. Учурда факт боюнча тергөө иштери уланып жатат.