Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу качан башталат? (видео)

1067

Министрликтерди азайтып, мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу качан башталат? Акыркы убакта Айыл чарба министрлигинин дарегине сындар күчөдү. Айрыкча дыйкандар өндүрүмүн сата албай кыйналып жатканда, бул мекеме эмне иш менен алек деген суроолор көбөйдү.

Министрликте азыр 5 миң кызматкер эмгектенет. Алардын кобу статистикалык маалымат чогултуу менен гана алектенет, дешет эксперттер. Мындан улам, адистер ишти санариптештирүүгө өткөрүп, жумушчулардын санын 500гө чейин түшүрүүнү сунуштады.