Мамлекеттик кызматтагы Матраимовдордун миллиондору кайдан келген? (видео)

1226

Бир тууган Матраимовдор өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, байлыкты кантип топтогон? Мындай суроо бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, тиешелүү кызматтар иликтөө жүргүзүүсү керек, дешти депутаттар. Буга эл өкүлү Искендер Матраимовдун бир туугандары менен кичи мекенинде мечит, спорттук зал куруп жакшы иштерди жасап жатабыз, деп айтканы себеп болду. Эл өкүлү Бажы кызматында иштеген иниси Раим Матраимовду калкалап, ага сөз тийгизбөөнү суранып билдирүү жасады. Анткени анын 3-сентябрда Кара-Суу шаарында өткөн шайлоого кийилигишкени айтылып, «Республика-Ата Журт» фракциясы тарабынан эскертүү берилген.