Мамлекеттик мекемелердин тосмолорун алуу зарылбы? (видео)

4936

Жогорку Кеңештин тосмолору алына баштагандан кийин дагы башка мамлекеттик мекемелердин кашааларын алуу зарылбы деген суроо талкуулана баштады. Учурда Ички иштер, Юстиция жана Тышкы иштер министрликтерин тегерете темир тосмолор курчап турат. Булардын катарына Мамлекеттик бажы кызматы дагы кирет.

Бул мекемелердин өкүлдөрү учурда кашааларды алуу зарылчылыгы жок экендигин билдиришүүдө. Мисалы Ички иштер министрлигинде мамлекеттик деңгээлдеги документтер менен кошо курал-жарактар да сакталат экен. Бирок ошол эле маалда айрым министрликтердин тегерек чети курчалбай эле турат.