Мамлекеттик мүлк санариптештирилген атайын системага киргизилди

1073

Мамлекеттик мүлк толугу менен инвентаризациядан өтүп, санариптештирилген атайын системага киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги билдирди. «Кыргызстандын Мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» маалыматтык системасына 65 орган жана алардын курамындагы 1862 мекемелик структуралар тууралуу маалымат камтылганы кабарланды.

Ошондой эле, ал тутумга 1 миллион 80 миңден ашуун негизги активдер катталган. Эми бардык маалыматтарды он-лайн режимде чогултуп жана оңдоого болот», — дейт мекеме жетекчилиги. Ошондой эле, ар бир жаран атайын он-лайн реестрге кирип, мамлекеттин менчигинде канча имарат, жер тилкеси бар экенин текшере алат.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттин эсебинде канча менчик актив бар экени жана алардын нарктары тууралуу маалыматтар жок болчу. Алардын бардыгы кагаз жүзүндө жасалып келген.