Мамлекеттик органдар качан санариптик кызмат көрсөтө баштайт? (видео)

830

КР 2023-жылга чейин толугу менен санариптештирилет. Кыргызстан 2023-жылга чейин толугу менен санариптештирилет. Мындай максат өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүү долбооруна киргизилген. Мамлекеттик кызматтарды коөрсөтүүнү жеңилдетип, ал эми мекемелердин ишмердүүлүгүн коррупциядан арылтуу максатында жүргүзүлүп жаткан бул иштер жарым-жартылай бүтүп калган. Бүгүнкү күндө 22 мамлекеттик мекеме санариптик форматка өттү. Калганы 2023-жылга чейин өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Бул үчүн Өкмөткө 5 жылдык мөөнөт берилген. Бирок аны менен бирге өлкөнүн бир катар мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы да бар экени айтылууда. Бул боюнча тегерек стол өткөрүлүп ага Коопсуздук кеңешинин Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, ошондой эле «Интернет саясаты жарандык демилгеси» коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.